Бишкекте курулуш талаптарын бузган компаниянын лицензиясы токтотулду
Бишкек шаарындагы Ялтинск көчөсү, 158, 158А дарегинде курулуп жаткан 4 кабаттуу турак жайда бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн “СК Ала-Тоо” ЖЧКсынын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда курулуш коопсуздугу жана өрт коопсуздугу боюнча талаптар сакталбаганы белгилүү болгон.
Ошондой эле объекттин аймагы талаптагыдай тосулбаганы, эскертүүчү белгилердин жоктугу, кабат аралык өтмөктөрдүн жабылбаганы жана атайын техникалар үчүн жуучу жай каралбаганы аныкталган.
Жыйынтыгында курулуш иштери убактылуу токтотулуп, “СК Ала-Тоо” ЖЧКсына карата акт түзүлдү. Атайын комиссиянын чечими менен компаниянын курулуш лицензиясы токтотулду.
Мындан тышкары объект боюнча шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди жокко чыгаруу тууралуу тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы маалымдалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















