super.kg logo

250 долларлык жаңы купюрага Трамптын сүрөтү түшүшү мүмкүн

 

Дональд Трамп түшүрүлгөн 250 долларлык жаңы купюраны чыгаруу демилгеси АКШда талкуу жаратууда. Бул тууралуу The Washington Post басылмасына шилтеме берүү менен "Контекст" Telegram-каналы жазды.

Маалыматка ылайык, демилгени АКШнын казыначысы Брендон Бич жана анын кеңешчиси Майк Браун көтөргөн. Алар жаңы банкноттаны 2026-жылдын 4-июлуна - АКШнын негизделгенине 250 жыл толгон күнгө карата чыгарууну сунуштап жатышат.

Учурда купюранын бир нече макети да даярдалганы айтылууда. Алардын биринде Дональд Трамптын сүрөтүнүн жанында АКШ президентинин жана Каржы министри Скотт Бессенттин кол тамгалары жайгашкан. Макеттин автору, британиялык сүрөтчү Иэн Александер бул маалыматты ырастап, Трамп менен купюранын дизайны тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген.

The Washington Post басылмасы белгилегендей, АКШнын азыркы мыйзамдары боюнча банкнотторго каза болгон адамдардын гана сүрөтү жайгаштырылат. Эгер демилге ишке ашса, Трамп акыркы 150 жыл ичинде тирүү кезинде долларлык купюрага сүрөтү түшүрүлгөн биринчи адам болуп калат.

Ошондой эле Конгрессте 2025-жылдан бери Трамптын сүрөтүн банкнотко жайгаштырууга уруксат бере турган мыйзам долбоору каралып жатканы, бирок азырынча кабыл алына электиги айтылды.

Ал эми Гравировка жана басып чыгаруу бюросунун өкүлдөрү жаңы купюраны иштеп чыгуу коопсуздук жана юридикалык талаптардан улам 10 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: