ДССУ: Эбола менен күрөшүүдө чек араларды жабуу олуттуу жыйынтык бербейт
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус эбола вирусу менен күрөшүүдө чек араларды жабуу натыйжалуу чара эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал брифингде сүйлөп жатып айткан.
Анын айтымында, уюм өлкөлөргө кирүүгө тыюу салууну сунуштабайт, анткени мындай чара олуттуу жыйынтык бербейт.
"ДСУ чек араларды жабууну же кирүүгө тыюу салууну сунуштабайт. Себеби бул чечим өтө чоң жыйынтык бербейт. Мындай чара вирустун жайылышын бир аз азайтышы мүмкүн, бирок бул убактылуу эле", - деген Тедрос Адханом Гебрейесус.
Ал эпидемияга каршы күрөшүүдө негизги көңүл ооруну эрте аныктоого, бейтаптарды дарылоого бурулушу керектигин белгилеген.
Маалымат үчүн: Эбола – өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















