Бишкекке "Наристе" фестивалына катышуу үчүн Түштүк Кореядан делегация келди
Кечээ, 29-майда Түштүк Кореядан келген делегация VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалына катышуу үчүн Бишкекке келди.Мэриядан билдиргендей, делегациянын курамында өз өлкөсүнүн балдар фольклордук искусствосун жана маданий каада-салттарын тааныткан 28 катышуучу бар.
"Бул жылы фестиваль дүйнө жүзүндөгү катышуучуларды бириктирип, бир катар концерттик, билим берүүчү жана маданий программалардын форматында өтүүдө.
VI Эл аралык балдар фольклордук «Наристе» фестивалы салттуу түрдө улуттук маданиятты, музыканы жана бийди тааныткан балдар коллективдеринин башын бириктирип, маданий диалог жана чыгармачылык тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзөт", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















