Екатерина Бивол мушкер менен жарашканын билдирди (видео)
Белгилүү мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол экөөнүн ортосундагы соттук талаштар аяктаганын билдирди.
Анын айтымында, тараптар соттук маселелер боюнча өз ара макулдашууга жетишип, мындан ары байланыштарын негизинен балдардын кызыкчылыгы үчүн гана улантышат. Екатерина мурдагы мамилеге байланышкан бардык маселелер жабылганын белгилеп, коомчулукту бул теманы кайра козгобоого чакырды.
Эскерте кетсек, абсолюттук дүйнө чемпиону, жарым оор салмактагы белгилүү мушкер Дмитрий Бивол Екатеринбург шаарында германиялык Михаэль Айферт менен күч сынашып, жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен ал өзүнүн чемпиондук титулдарын сактап калды. Мушкерди эки уулу коштоп жүрдү.
Екатерина Бивол мушкер менен жарашканын билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















