super.kg logo

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

– Биз Айгүлдү алып чыкканы кайра барабыз. Бирок азыр сен өзүңө келишиң керек.

Тинатин анын сөзүнө ишенгиси келди, бирок жүрөгү тынч эмес эле.

– Сен эмне үчүн мага жардам берип жатасың?- деп күтүүсүз суроо берди ал.

Бекзат бир азга унчукпай калып, анан айтты:

– Анткени мен сени ошол биринчи күнү эле жалгыз калтырбашым керек болчу.

Тинатин селт этти. Анын көздөрү бакырая түштү. Бекзат улантты:

– Бирок кеч болуп калды... Азыр мен жок дегенде бул катачылыкты оңдой алам.

Жымжырттык. Тинатин көзүн ала качты.

– Айгүлдү таштап кетип калганым туура эмес болуп калбайбы?..- деди ал акырын.

– Эгер биз бул жерден азыр тирүү чыкпасак, анда эч нерсе мааниге ээ болбой калат.

Бул чындык эле. Аңгыча дагы бир күчтүү жер силкинүү болуп өттү. Экөө тең бир саамга унчукпай калды. Тинатин акырын башын ийкеди. Ал колундагы бөтөлкөдөгү сууну дагы бир ууртам ичти. Жанында Бекзат аны карап отурду. Тинатин бир маалда өктөм үн катты, ал үн ичиндеги бардык чыңалууну жарып чыккандай болду.

– Мен кетем,- деди ал. – Мен окуумду өз мекеним Кыргызстандан эле уланткым келет.

Анын үнү титиреп чыкты, акыркы сөздөрү даана угулбай калды. Бекзат дароо жооп берген жок. Сыртта алыстан сирена үнү угулат. Бир маалда Бекзат кызга кайрылды:

– Тинатин,- деди.

Бирок Тинатин башын чайкады.

– Жок, мени түшүн. Мен мындан ары чыдай албайм. Бул шаар, бул окуялар, баары мен үчүн оор болуп кетти. Көз жашы кайра агып кетти.

– Мен курбумду таштап кеттим... Өзүмдү жоготуп жатам, бул жерде кала албайм...

Бекзат аны карап турду.

– Бул сенин коркконуң эмес,- деди ал акырын. – Бул сенин чарчаганың.

Тинатин унчукпай калды. Бул сөз анын жүрөгүнө тийди. Бекзат сөзүн улантты:

– Сен азыр эмоция менен чечим кабыл алсаң, кийин өкүнүшүң мүмкүн.

– Мен азыр деле өкүнүп жатам!- деди Тинатин так кесе.

– Сен аны калтырган жоксуң. Сен аман калдың.

Бул сөздөр Тинатинди дагы да титиретти. Ал башын эки колу менен мыкчый кармады.

– Билбейм, мен эч нерсе билбей калдым...

Анын үнү кайра калтырап чыкты. Бекзат ага жакыныраак жылып, эки колунан кармады:

– Мени ук. Азыр сен чечим чыгарбайсың. Азыр сен аман каласың.

Тинатин ыйлап отурду. Бир нече секунддан кийин гана:

– Мен үйгө кетким келет,- деди ал акырын, дээрлик шыбырап. Бекзат башын ийкеди.

– Биз кетебиз.

Бул сөз жөнөкөй эле айтылганы менен, анын ичинде чоң жоопкерчилик бар эле.

Ал чөнтөгүнөн алып чыгып картасын, телефонун карады, байланыш дагы эле жок.

– Бирок азыр эмес,- деди ал. – Адегенде шаарда тынчтык орношу керек.

Тинатин башын ийкеди. Каршылык көрсөтө албай калды. Кайрадан суу ичти. Жымжырттык кайра орноду. Имараттын ичиндеги жарык алсыз эле. Тинатин бир аз тынчый түшүп, суу ичкен соң жанына чогулуп отурган Бекзатка карады. Биринчи жолу ал куткаруучу эмес, жөнөкөй адамдай көрүнүп жатты.

– Сен кимсиң?..- деди Тинатин чочугандай.

Бекзат бир аз жылмайып койду. Бирок бул жылмаюу жеңил эмес, артына терең бир оордукту жашырып тургандай эле.

– Жөн эле катардагы бир студент эмессиң дегениңби?- деди.

Тинатин башын ийкеди. Бекзат абадан кере дем алып, бир аз унчукпай турду. Анан акырын баштады:

– Менин фамилиям Исаев.

– Исаев...- деп кайталады Тинатин түшүнбөй.

– Ооба ,- деди Бекзат. – Стамбулда көптөр билишет.

Ал андан ары сөзүн улантты.

– Чын эле катардагы студент эмесмин. Менин үй-бүлөм бул жакта белгилүү адамдар. Атама караштуу ири компания бар. Атам Түркиянын алдыңкы корпорацияларынын биринде башкы директор. Илим Үсөнов.

Тинатин көзүн чоң ачты, бирок Бекзаттын сөзүн бөлгөн жок.

– Апам Зейнеп, белгилүү дизайнер. Түркияда анын аты мода дүйнөсүндө кеңири тааныш. Эжем Умида инженер, азыр компанияда чарбалык директор. Баарын башкарат десем болот.Ал эми иним Калыс учурда Нью-Йоркто окуйт.

Ушуларды айтты да, унчукпай калды. Жымжырттык каптады айлананы. Бул сөздөр жөн гана маалымат эмес эле, бүтүндөй башка дүйнөнүн эшиги ачылгандай болду кызга.

Тинатин акырын:

– Демек, сен бай үй-бүлөдөнсүң,- деди.

Бекзат дароо жооп берди:

– Бул байлык эмес, бул жоопкерчилик.

Ал Тинатинди карады.

– Мен ошондуктан көп нерседен качып жүрчүмүн.

Тинатин түшүнбөй калды.

– Качып?..

Бекзат башын ийкеди.

– Менин жашоом алдын ала эле жазылып калган. Ким болом, кайда окуйм, ким менен сүйлөшөм, баары алдын ала пландалгандай.

Ал жеңил дем алды.

– Ошондуктан мен көбүнчө жөнөкөй жашоого каччумун. Университет, көчө, бейтааныш адамдар, ошол жактан мен чыныгы өзүмдү сезчүмүн.

Тинатин аны карап турду. Биринчи жолу ал Бекзатты “идеалдуу жигит” эмес, чыныгы, чарчаган адам катары көрдү.

– Ал эми сен?..- деди Бекзат акырын. – Сен кимсиң?

Бул суроо жөнөкөй угулганы менен, терең эле.

– Мен жөнөкөй эле студентмин. Бирок Стамбулга бийик кыялдар менен келгем.

Көздөрү бир аз жумшарды.

– Мен бул жакта калам деп ойлогом, өзүмдү табам деп. Бирок азыр өзүмдү жоготуп жаткандаймын.

Жымжырттык кайра орноду. Бекзат башын жай ийкеди.

– Балким, бул жоголуу эмес,- деди ал акырын. – Балким, бул жаңы жашоонун алдындагы бурганак.

Тинатин жооп бербеди. Эки башка дүйнөдөн келген эки адам биринчи жолу бири-бирин чындап таанып жатты. Тинатиндин деми кысылып, башы тегеренип кетти бар заматта.

– Бекза-ат...- деп шыбырады, үнү араң чыкты.

Көздөрү караңгылап, анан баары өчтү. Бекзат дароо колдон алды.

– Тинатин! Тинатин!- деди ал катуу, бирок жооп жок. Анын денеси кыймылсыз тартып, боюн кармай албай колу-буту шалактады. Бекзат аны көтөрүп алып ачык жерге чыкты. Сыртта дагы деле баш аламандык, сирена, кыйкырык, жарык өчкөн шаар, бирок ал эч нерсени көргөн жок.

– Жол! Жол бериңиздер!- деп кыйкырып бара жатты ал.


Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: