Франциянын лидери Макрон кескин сынга кабылды
Франциядагы оңчул багыттагы “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо президент Эммануэль Макронду Атлантика океанында Мурмансктан чыккан деп болжолдонгон Tagor танкеринин кармалышынан кийин катуу сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Саясатчынын айтымында, Макрон тышкы маселелерге көңүл буруп жаткан учурда өлкөнүн өзүндө абал курч бойдон калууда. Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө Франциянын айрым шаарларында башаламандыктар күчөп жатканын белгилеп, бийликтин аракеттерин сынга алган.
Белгилей кетсек, Францияда “Пари Сен-Жермен” футболдук клубу Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жеткенден кийин бир катар шаарларда түнкү башаламандыктар орун алган. Бул окуя коомчулукта жана саясий чөйрөдө кызуу талкууга алынууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















