super.kg logo

Кылмыштуу иштин өнөктөштөрүнүн бири Москвадан, бири Бишкектен кармалды

 
Мыйзамсыз баңгизат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун 21 жаштагы мүчөсү Бишкектен, 30 жаштагы мүчөсү Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул ишке Орусиянын ИИМи да көмөк көрсөткөн. Алар Орусиядан Кыргызстанга ири көлөмдөгү баңгизаттарды жеткирүү боюнча туруктуу канал түзүшкөн. Кылмыштуу топ өз ишин Telegram мессенжери аркылуу жүргүзгөн. Баңгизаттарды сатуу "закладка" деп аталган ыкма менен байланышсыз жүргүзүлгөн.
Бишкектен колго түшкөн жарандын Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаасынан 3 килограммга жакын психотроптук зат камтылган үч брикет, жалпы салмагы 18 граммга жакын ак кристалл зат камтылган 21 пакет, баңгизаттарды таңгактоочу жабдыктар табылган. Ал эми Москвада кармалган жарандын жашаган жеринен 700 граммга жакын кооптуу психотроптук заттар алынган.
Эгер табылган баңгизаттар сатылса, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз 16 миллион сомдон ашык киреше көрүшмөк. Тергөөдө Бишкекте кармалган жаран тыюу салынган заттарды алуу, сактоо, таңгактоо жана "закладка" системасы аркылуу андан ары таратуу функцияларын аткарганы аныкталган. Кылмыштуу иш үчүн төлөм криптовалюта аркылуу жүргүзүлгөн.
Учурда эл аралык баңги тармагынын калган мүчөлөрүн аныктоо иштери уланууда.





Кылмыштуу иштин өнөктөштөрүнүн бири Москвадан, бири Бишкектен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: