Ливандын президенти: “Израил менен сүйлөшүүдөн башка жол жок"
Ливандын президенти Жозеф Аун өлкөдө уланып жаткан жаңжалды жөнгө салуу үчүн Израил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн башка альтернатива жок экенин билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр согушка караганда коопсуз жол болуп саналат. Президент согуштун кесепеттери оор экенин белгилеп, тынчтыкка жетүү убакытты талап кылса да, диалогдон башка тандоо жок экенин айтты.
Маалыматка ылайык, Ливан менен Израилдин өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү 2-3-июнда Вашингтон шаарында өтүшү күтүлүүдө.
Ошол эле учурда ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларга карабастан, Израил армиясы Ливандын аймагына сокку урууларын улантып, өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик операцияларын кеңейтип жатканы белгиленүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















