Трамп Израил менен "Хезболла" чыңалууну токтотууну макулдашканын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана "Хезболла" өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди. Анын айтымында, тараптар жаңжалды токтотууга макул болушкан.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, Трамп Израил Бейрутка аскер киргизбей турганын, ал эми "Хезболла" Израилге чабуул жасабай турганын айтты. Ливандын АКШдагы элчилиги да "Хезболла" чабуулдарды токтотуу боюнча АКШнын сунушун кабыл алганын маалымдады.
Ошол эле учурда Нетаньяху эгер алар чабуулдарын токтотпосо, Израил Бейруттагы буталарга сокку урууну улантарын билдирди.
Мындан тышкары, Иран Израилдин Ливандагы аракеттерине байланыштуу АКШ менен ортомчулар аркылуу жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотконун жарыялады.
Акыркы айларда Израил менен "Хезболланын" ортосундагы кагылышуулар күчөп, Ливанда миңдеген адамдар каза болуп, көптөгөн тургундар коопсуз жайларга көчүүгө аргасыз болушкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















