“Умай Групп”: Кубаныч тартуулоо - биздин жакшы салтыбыз

Булуттардай жумшак таттуу вата, дарыядай аккан лимонаддар, тоодой балмуздактар, кубаныч менен шаңга толгон атмосфера. 1-июнда Ала-Тоо аянты чыныгы балалык өлкөсүнө айланды!
Миңдеген кыздар менен уулдардын күлкүсү шаарды нурга бөлөп, атүгүл эң олуттуу чоңдорду да чын жүрөктөн көңүл ачууга шыктандырды. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ата-энелер күнүмдүк түйшүктөрүн бир азга четке коюп, эң жылуу жана боорукер майрамдын бир бөлүгү болуу үчүн аянтка келишти.
Алыстан эле көзгө урунган кооз павильон балдардын гана эмес, ата-энелердин да көңүлүн бурду. Кызыктуу сынактар, сүйүктүү каармандар жана, албетте, белектер бул күндү бөбөктөр үчүн дагы да эстен кеткис кылды. Бул жерде күнү бою балдардын шаттуу күлкүсү жаңырып, майрамдык маанай сүйүктүү даамдардын жыты менен айкалышып турду. Ар бир бала өзүн эң башкы жана эң сүйүктүү коноктой сезди. Кичинекей меймандарга ушунчалык жаккандыктан, алардын көбү ата-энелеринен дагы бир аз кармалып турууну суранып жатышты.
Балдар ойноп-күлүп жүргөндө, чоңдор да убакытты пайдалуу өткөрүштү. Алар SPAR, Globus, Достор жана Народный соода түйүндөрүнүн жаңы жана сапаттуу азыктарын жагымдуу баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул болсо майрамдык маанайды дагы да көтөрдү.
“Умай Групптун” алдыда дагы чоң максаттары бар. Компания өсүүнү, өнүгүүнү жана өлкө үчүн мындан да көп пайдалуу иштерди жасоону көздөйт. Ал эми жаңы ийгиликтерге дем берип, шыктандырган эң чоң күч – бул бактылуу балдардын жүзүндөгү жылмаюу, шаттуу күлкү жана миңдеген кыргызстандык бөбөктөрдүн кубанычы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
























