super.kg logo
  Саясат  

Эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөсү Нурлан Асанов: “АКШдан келген агент бизди "Медет Садыркуловдой өлтүрүп салабыз" деп коркутууда”

 
Асанов: "Бишкектеги ресторандардын биринде АКШдан келген агент Станислав Ченюх менен сүйлөшүп жаткан учурда 3 шектүү адам жолугушуунун аягына чейин бизди байкап отурушту
Нурлан Асанов: "2014-жылдын 24-январында Эркин профсоюздар конфедерациясынын кеңсесине 3 киши келип коркутушту. Сүрөттө алардын экөөсү"
Нурлан Асанов: "2014-жылдын 24-январында Эркин профсоюздар конфедерациясынын кеңсесине 3 киши келип коркутушту. Сүрөттө алардын бири
Эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөлөрү Нурдин Дүйшөнбеков жана Нурлан Асанов
Эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөлөрү Нурдин Дүйшөнбеков жана Нурлан Асанов

АКШдан келген агент Станислав Ченюх “эгер силер Кыргызстан профсоюздар федерациясынын былыктарын чукуй берсеңер Медет Садыркуловдой бүтөсүңөр” деп эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөлөрүн коркутууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда аталган мекеменин мүчөсү Нурлан Асанов маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, бир апта мурун федерациядагы коррупциялык схемалар жөнүндө журналисттерге маалымат таратылгандан кийин аларга опузалар келе баштады. АКШдан келген агент Станислав Ченюх менен сүйлөшүп жатканда шектүү, чымыр денелүү 3 адам жолугушуунун аягына чейин чай гана ичип отурушту. Ошондо Станислав Ченюх “эгер силер профсоюздар федерациясынын  былыктарын чукуй берсеңер силерди Медет Садыркуловдун тагдыры күтөт” дептир.

“24-январда биздин кеңсебизге 3 адам келип “федерациянын иштери боюнча жаңжал чыгарба. Бул биринчи жана акыркы эскертүүбүз” дешти. Мен аларды сүрөткө тартканга аракет кылдым. Ошолорду милицияга көрсөтсөм алардын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги аныкталды",- дейт Асанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: