Бирдей кийинген жумушчулар. Москвага Түндүк Кореядан жаңы эмгек күчү тартылууда
Орусиянын борбору Москва шаарына курулуш тармагында иштөө үчүн Түндүк Кореядан жумушчулардын алгачкы ири бригадалары келди. Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, курулуш компаниялары кадрлардын жетишсиздигин жоюу максатында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууну күчөтүүдө.
Социалдык тармактарда жумушчулардын Шереметьево аэропортуна келген видеосу тарап жатат. Алардын бирдей классикалык кийим кийип келишкени көпчүлүктү суктандырууда.
Маалыматтарга ылайык, кореялык жумушчулар Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардан айырмаланып, жабык топтор менен иштешет. Алардын жашоо-шарты жана эмгек тартиби атайын кураторлор тарабынан көзөмөлдөнөт.
Москвага Түндүк Кореядан жаңы эмгек күчү тартылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















