Трамп: "АКШ менен Иран келишимге кол коюуга жакындап калды"
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран келишимге кол коюуга жакындап калганын билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана келишимге жакынкы дем алыш күндөрү кол коюлушу мүмкүн.
"Талкуулар эки жумага созулду. Жыйынтыгында биз көздөгөн максатка жеттик. Эми бардык шарттар документке киргизилди. Алар (Иран бийлиги) келишимге кол коюуга абдан жакындап калышты",- деген Трамп Ак үйдөгү брифингде.
АКШ президентинин айтымында, келишим Ирандын өзөктүк куралдан баш тартуусун жана Ирандын атомдук объекттериндеги уранды биргелешип өндүрүүнү камтыйт.
Ошондой эле ал Ормуз аркылуу кеме каттамдары келишимге кол коюлгандан кийин дароо калыбына келтирилерин белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:44
2026-06-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















