super.kg logo

ЖМК: АКШ Иранга каршы согушту кайра баштоону каалабайт

 

АКШнын аскердик жана саясий жетекчилиги Иранга каршы толук масштабдуу согуштук аракеттердин кайра башталышын каалабайт. Бул тууралуу Al Monitor басылмасы америкалык администрациядагы булактарына таянып жазды.

Анда айтылгандай, Вашингтон аскердик операцияны кайра жандандыруу аркылуу коюлган максаттарга жетүүнү көздөбөйт. Ак үй Тегеранга карата экономикалык басымды күчөтүп, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтулууда.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп жатканын жана тараптар ушул дем алыш күндөрү келишимге жетиши мүмкүн экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: