Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери уланууда
Бүгүн 4-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Үч-Коргон ГЭСинде жүрүп жаткан реконструкция жана модернизация иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, станцияда башкы подрядчы катары Кытайдын CNEEC компаниясы иш алып барып, курулуш-монтаждоо иштерин улантууда. Долбоорго 100дөн ашуун адис тартылган.
Маалыматка ылайык, учурда эки гидроагрегат жаңыланууда. Оңдоо иштери аяктагандан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 220 МВтка чейин жогорулап, жабдуулардын иштөө мөөнөтү да узартылат.
Эрлист Акунбеков иштин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Модернизация иштери жыл аягына чейин толук аяктайт деп пландалууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















