Кыргызстан менен Европа Кеңешинин кызматташтыгы талкууланды
Жогорку Кеңештин депутаты, Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясындагы (ЕКПА) Кыргызстандын делегациясынын башчысы Дастан Бекешев 4-июнда ЕКПАнын Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы, Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты Мариетта Караманли менен жолугушту. Жолугушууга депутаттар Алтынбек Кудайбердиев, Сеидбек Атамбаев жана Жылдыз Курманалиева да катышты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Дастан Бекешев Мариетта Караманлини Кыргызстанга жасаган иш сапары менен куттуктап, бул сапар эки тараптуу диалогдун жана өз ара түшүнүшүүнүн чыңдалып жатканын көрсөтөрүн белгиледи.
Ал Кыргызстан демократия, адам укуктары, парламентаризм жана укуктук мамлекет принциптерин илгерилеткен Европа Кеңеши жана ЕКПА менен кызматташууга өзгөчө маани берерин айтты. Ошондой эле өлкө ЕКПА жана Европа мамлекеттеринин улуттук парламенттери менен байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
Жолугушууда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилип, парламенттик шайлоолордо заманбап технологияларды колдонуу жана аялдардын саясий процесстерге катышуусун кеңейтүү боюнча көрүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, өлкөнүн укуктук чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланып, Кыргызстан Соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча Европа конвенциясына кошулгандыгы жана Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Өз кезегинде Мариетта Караманли Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕКПА жүргүзүлүп жаткан конструктивдүү диалогду жогору баалай турганын билдирди. Ал демократиялык институттарды өнүктүрүү, парламентаризмди бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана укуктук системаны өркүндөтүү багыттарында кызматташууну улантууга даяр экенин айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздук жана жасалма интеллект технологияларын коопсуз пайдалануу жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө жана парламенттер аралык диалогду активдүү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















