Садыр Жапаров: “Түндүк-түштүк жолу коррупциянын символу болуп калды”
Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жарыялады.
Мамлекет башчысы жол жергиликтүү тургундардын өтүнүчү эске алынып, 1-июндан тартып ноябрь айына чейин убактылуу пайдаланууга ачылганын белгиледи. Бирок жолдо таш кулоо фактылары дагы эле катталып жатканын айтып, айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырды.
Президенттин айтымында, узундугу 388 чакырымды түзгөн жолдун курулушуна дээрлик 1 миллиард доллар сарпталган. Ошого карабастан курулуш иштери толук аяктабай, коопсуздукка байланышкан бир катар көйгөйлөр сакталып калган.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдогу кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Анын алкагында ондогон инженердик коргоо курулмаларын куруу пландалган.
Садыр Жапаров инженердик коргоо объектилеринин курулушу 2027-жылдын аягында бүткөрүлөрүн, ал эми жолду толук кандуу пайдаланууга берүү 2028-жылдын башына мерчемделгенин билдирди.
“Кыскасы, бул жол коррупциянын символу болуп калды”, - деп жазды президент өзүнүн Facebook баракчасында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















