super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-июндан 14-июнга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Позитивдүү эмоционалдык сезимдерди жараткан апта күтөт кой жылдызындагыларды. Сагынган адамдар менен жолугушуп, чер жаза сүйлөшүүңүз, биргеликте көңүлдүү убакыт өткөрүшүңүз күтүлөт. Жумушта, тескерисинче, кесиптештериңиздин айрым жүрүм-турумунан улам сабырдуулугуңузду сынашыңыз керек болот. Сизге кеңеш, майда-чүйдөгө маани бербеңиз, нервиңизди сактаңыз. Жеке жашоодо баары ойдогудай, апта соңу маданий жайда эс алышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Сиз үчүн жемиштүү апта болмокчу. Көп жылдык эмгегиңиздин үзүрүн эми көрүп, финансылык жактан жакшы пайда табасыз. Натыйжада карыздардан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу салык сыяктуу документ иштерин текшерип коюңуз, унутулуп төлөнбөй калса көйгөй жаратышы мүмкүн. Бойдоктор аз убакыт тааныш адам менен тагдырын байлоо чечимине ашыкпай туруулары керек. Энергия балансын толуктоо үчүн стресстен качканга аракет кылыңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздер үчүн активдүүлүктүн жана интеллектуалдык жумуштардын убактысы уланат. Маалыматтык агымда керектүүсүн-керексизин, пайдалуу-пайдасызын электен өткөрүү керек болот. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү окуу, экзамен тапшыруу иштери ийгиликтүү ишке ашат. Бойдоктор өзү менен кызыкчылыктары бирдей адамды издөө процессинде. Финансы жаатында маркетингдин, жарнаманын азгырыгына кирип керексиз нерсе сатып алгандан алыс болуңуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөн жылдызындагылар бул аптаны өзүнө, өзүн сүйүүгө арнаса ийгилик жолу ачылат. Андыктан келбетиңизге кам көрүңүз, ден соолуктагы көйгөйлөрдү текшертиңиз, дарыланыңыз, жеке өзүңүзгө тиешелүү максат-кыялдарды аздан болсо да ишке ашырууга аракет кылыңыз. Апта ортосу гардероб жаңыртууга же имидж өзгөртүүгө ылайыктуу. Сүйүү мамилесинде өзүңүздүн таламды эле талаша бербей, түгөйүңүздүн да каалоосун, ой-пикирин угуу ашыкча болбойт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандарга баштагы таажыны ала туруп, аз да болсо лидерлик ролдон эс алууга, жоопкерчиликти башка адамга тапшырууга кеңеш беришет жылдыздар. Негизи эле бул аптада көпчүлүк топтолгон жерлерден качып, жалгыздыкта ойлонуп, келечекке план түзгөнүңүз туура. Ден соолукта активдүүлүгүңүз жоголуп, өзүңүздү энергиясыз сезесиз. Тынч жерде убакыт өткөрүү жана толук кандуу уйку – кайрадан өзүңүзгө келип каласыз. Кайрымдуулук иштерин жасашыңыз мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бийкечтер бул убакыт аралыгын досторуна, келечек пландарына арнашат. Жаңы идеяларыңызды башкалар менен бөлүшүүгө ашыгасыз. Чынында эле достор же кесиптештер менен талкууласаңыз, жакшы жыйынтыкка жетишиңиз ыктымал. Бойдоктор түгөй тандоодо дос боло алчу адамга көз салуулары керек. Каржылык жаатта машина оңдоо же башка техникалык иштерге байланыштуу чыгымдар болушу мүмкүн. Дем алыш күндөрү үй тиричиликтеги иштер менен алек болосуз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Ысыкта күн нурунун алдында көпкө жүрбөгөнгө аракет кылыңыз, кан басым көтөрүлүп, баш оорушу мүмкүн. Иммунитетти көтөрүү үчүн көп түрдүү жана витаминдүү тамак-аштарды колдонгонго аракет кылууңуз керек. Жумушта милдеттериңизди жоопкерчилик менен аткарсаңыз эле маселе жаралбайт. Жеке жашоодо колуңуз бошобой жүрүп романтикалык иш-аракеттерге көңүл бурбай түгөйүңүздү таарынтып алышыңыз мүмкүн. Дем алышты үй-бүлөңүз менен жакшы маанайда өткөрөсүз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Горизонтторду кеңейтүүгө ыңгайлуу убакыт. Окуу, саякатка чыгуу, жаңы адамдар менен таанышуу – мунун баары сизге жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Жеке жашоодо тиричиликке баш оту менен кирип, сүйүүнү арткы планга жылдырып салган түгөйүңүзгө жиниңиз келет, ичтен ойлонуп нерв боло бербей, оюңузду ачык айтып түшүндүргөнгө аракет кылыңыз. Көптөн бери карызын бербей жүргөн адамдан аласаңызды аласыз. Үйгө керектүү буюм сатып алып кубанасыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Бир аз чыңалуу жараткан апта күтүлөт. Айрыкча бир убакта келген бир нече финансылык суроолорду чечкенге туура келет. Ошол эле учурда жашооңузду жакшы нукка бурган өзгөрүүлөр орун алмакчы. Аптанын ортосунда ички туюмуңузга ишениңиз. Сүйүү мамилесинде “жаңы дем” ачылып, кумарлуу күндөр орун алмакчы. Бойдокторго дагы бир аз күтө туруңуз дешет жылдыздар. Апта ичиндеги окуяларды анализдеп, жыйынтык чыгарганга дем алыш күндөрүн тынч жайда өткөрүү сунушталат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Сиздин ийгилигиңиз түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана компромисстерди табуу жөндөмүңүздөн көз каранды. Бал тилге салуу жөндөмүңүздү пайдаланып калыңыз. Каржылык абалыңызда туруктуулук сакталат, өтө көбөйүп жана өтө азайып кетпейт. Үй-бүлөңүздө гармония орун алат, бардык түшүнбөстүктөр жеңил чечилмекчи. Балдары барлар алардын ийгилиги менен кубанышат. Ден соолукта курч оорулардын тынчыңызды алышы күтүлбөйт.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: