super.kg logo

Филиппинде 7,8 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды (видео)

 

Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Аймакта цунами коркунучу жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Өлкөнүн президенти Фердинанд Маркос тургундарды бийик тоолуу жерлерге көчүүгө чакырды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде бир адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Бир топ имараттар урап, "Генерал-Сантос" эл аралык аэропорту жер титирөөнүн айынан ишин убактылуу токтотту.

Күчтүү жер титирөөдөн кийин эки сааттын ичинде кеминде он бирден ашык кайра жер силкинүү катталды.






Филиппиндеги 7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: