Жубайлар каза болгон түгөйүнүн жанынан мүрзөдөн орун сатып алышса болот
Мурда каза болгон түгөйүнүн жанынан мүрзөдөн орунду алдын ала брондоо укугу никелик мамилелерди ырастоочу документтери бар жубайларга берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген. Анда республикалык маанидеги шаарларда көмүү үчүн жерди брондоонун баасы 100 миң сомду түзөрү белгиленген. Мындан тышкары, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти 50 647 сом болмокчу. Бул сумма жер тилкесин даярдоо жана берүү чыгымдарын, аймакты көрктөндүрүү, күтүү жана 10 жылдык санитардык тейлөө чыгымдарын, ошондой эле тиешелүү үстөк чыгымдарды камтыйт.
Жалпы алганда Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө сөөктү коюу үчүн бир орунду ээлеп коюунун жалпы баасы 150 миң 647 сомду түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















