"Туруп кол чабышып…" Чикагодо ракка каршы жаңы дары тааныштырылды
Чикаго шаарында өткөн онкология боюнча эл аралык жыйында окумуштуулар ракка каршы жаңы дары каражаты - дараксонрасибдин сыноо жыйынтыктарын сунушташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы медицина коомчулугунда чоң кызыгууну жаратып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген адистер жаңылыкты кол чабуулар менен тосуп алышты. Тийиштүү видео интернет желесине тарады.
Адистердин айтымында, жаңы каражат ракты толугу менен жеңет деп айтууга азырынча эрте. Бирок ал оорунун өнүгүшүн жайлатып, бейтаптардын өмүрүн узартууга жардам бериши мүмкүн.
Ошол эле учурда окумуштуулар дарылоонун терс таасирлери да байкалганын белгилешүүдө. Тактап айтканда, сыноого катышкан көптөгөн бейтаптарда жүрөк айлануу, ич өтүү жана териде бүдүрлөр пайда болгон.
Изилдөөчүлөр каражат боюнча кошумча изилдөөлөр жүргүзүлөрүн билдиришип, анын коопсуздугу жана натыйжалуулугу дагы терең изилдене турганын белгилешти.
Чикагодо ракка каршы жаңы препарат тааныштырылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















