Саламаттык сактоо министрлиги менен “Элдик Банк” кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту
Саламаттык сактоо министрлиги менен “Элдик Банк” ААК мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын, башкаруу натыйжалуулугун жана кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.
Меморандум мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын финансылык жактан коштоо боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүнү карайт. Анын алкагында медициналык мекемелерге комплекстүү банктык тейлөө көрсөтүлүп, эсеп-кысап жана кассалык кызматтар, эмгек акы долбоорлору, аралыктан банктык тейлөө кызматтары сунушталат. Ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн “ЭлКасса” биллингдик системасы киргизилип, заманбап банктык жана төлөм инфраструктурасы өнүктүрүлөт.
Жетишилген макулдашууларга ылайык, апробациялык режимде иш алып барган саламаттык сактоо уюмдары үчүн “Элдик Банк” ААК негизги финансылык өнөктөш катары каралат.
Меморандумга кол коюу мамлекеттик медициналык мекемелердин финансылык туруктуулугун бекемдөө, башкаруу механизмдерин өркүндөтүү жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы №331 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда. Анын максаты - медициналык уюмдардын ишмердүүлүгүнө заманбап финансылык башкаруу жана коштоо инструменттерин киргизүү.
Лицензия: КР Улуттук банкынын №033 лицензиясы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















