super.kg logo

Трамп Израил Иранга сокку уруусун улантпайт деп ишенет

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Иранга сокку уруусун улантпайт деп ишенет.

"Мен муну болот деп ойлобойм. Баары жакшы жүрүп жатат. Иран эмне кылышы керек болсо, ошону кылып жатат",- деп жооп берген Трамп Sky News'тун кабарчысынын суроосуна.

Буга чейин Axios журналисти Трамп жакында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон сүйлөшүүсүндө ага Иран менен жаңы чыр-чатак чыкса, АКШнын аскердик колдоосунан айрылып калышы мүмкүн экенин эскерткенин билдирген.

Трамп менен Нетаньяху жекшемби күнү кечинде Иран Израилдин аймагына ракеталык чабуул жасагандан кийин телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. АКШнын президенти Израилдин премьер-министрин жооп кайтаруу соккуларынан баш тартууга үндөгөнү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: