Иран-АКШ каршылыгы: Өзөктүк маселе кайра күн тартибинде
Ирандын Венадагы эл аралык уюмдар алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү АКШ тарабынан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик башкаруучулар кеңешине сунушталган Ирандын өзөктүк программасы боюнча резолюциянын долбоорун “абсурд” деп мүнөздөдү.
Өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө, “агрессор өлкө болгон АКШнын Ирандын тынчтык максатындагы өзөктүк ишмердүүлүгү боюнча резолюция сунуштап жатканы акылга сыйбаган көрүнүш” экени айтылган.
Иран тарап АКШ өзү жараткан көйгөйлөр үчүн “крокодилдин көз жашын төгүп жатат” деп белгилеп, Тегеранды кызматташпоого айыптоо негизсиз экенин билдирди. Алардын айтымында, АКШнын агрессиясы МАГАТЭнин кепилдик механизмдерин “жок кылынган объектилерде” колдонууга иш жүзүндө, юридикалык жана логикалык жактан мүмкүн болбой калган.
Ошондой эле өкүлчүлүк учурдагы өзгөчө кырдаалга алып келген “агрессия жана уланып жаткан коркутуулар” токтобогонун баса белгиледи.
Билдирүүдө 2026-жылдын 7-июнунда, резолюциянын долбоору Венада бейрасмий түрдө таратылган күнү, АКШ президенти Ирандын өзөктүк объектилерине кайрадан сокку уруу мүмкүндүгүн ачык айткандыгы да эске салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















