Японияда аниме күйөрмандары Трамптын Наруто образын колдонушуна каршы чыгышты
Японияда аниме жана манга күйөрмандары АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдүн социалдык тармактардагы видеолорунда аниме каармандарынын образдары колдонулушуна каршы кол топтоону кайрадан башташты. Бул тууралуу Change.org платформасындагы петицияда айтылат.
Нааразычылыктын алгачкы толкуну Ак үйдүн X социалдык тармагындагы видеосунан кийин чыккан. Петициянын авторлорунун айтымында, анда аскердик мазмундагы роликте Dragon Ball жана Yu-Gi-Oh! сыяктуу япон чыгармаларынын образдары пайдаланылган.
Петиция 9-июнда жаңыртылып, буга Трамптын расмий социалдык тармактагы баракчасында анын Naruto Uzumaki кейпинде көрсөтүлгөн видеосунун жарыяланышы себеп болгон.
Петицияда мындай деп белгиленет:
“Бул кайрылуу фанаттардын чыгармачылыгына же жеке өзүн-өзү билдирүүсүнө каршы эмес. Бизди расмий чыгармалардын образдары авторлордун жана укук ээлеринин ниетинен башкача түрдө саясий жана аскердик контекстте колдонулуп жатканы тынчсыздандырат”.
Петициянын авторлору Naruto, Yu-Gi-Oh! жана башка япон анимелеринин каармандарын укук ээлеринин макулдугусуз саясий же аскердик максаттарда пайдаланууга каршы экенин билдиришти.
Ошондой эле алар күйөрмандардын тынчсыздануусун чыгармалардын укук ээлерине тез арада жеткирип, алар менен биргеликте Япония өкмөтүнүн реакциясына жетишүүгө аракет кыларын билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















