super.kg logo

Иранда АКШнын соккусунан 20 миңдей адам таза суусуз калды 

 

Ирандын Хормозган провинциясында АКШнын суу сактагычтарга жасаган соккуларынан кийин кеминде 20 миң адам таза суусуз калды. Бул тууралуу провинциянын бийлик өкүлүнө таянып, эл аралык басылмалар жазышты.

Билдирүүгө ылайык, калктуу конуштарга суу берүү токтотулуп, бийлик суу менен камсыздоонун альтернативдүү жолдорун издеп жатат.

"Кухестак шаары жана Бамани районундагы 10 айыл үчүн ичүүчү сууну бөлүштүрүү инфраструктурасы америкалык тараптын чабуулунун натыйжасында талкаланды",- деген бийлик өкүлү.

Бүгүн түнү Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы АКШ өлкөнүн түштүгүндөгү Сирик шаарындагы эки суу сактагычка сокку урганын билдирген. Бамани районунда ичүүчү суу берүү токтотулса, Сирик шаарында телекоммуникациялык мунара жабыркаган.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, АКШ Ирандагы дээрлик 20 объектке сокку урган. Буга жооп катары Ирандын аскер күчтөрү Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына чабуул жасаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: