super.kg logo

Диалог, чечимдер жана лидерлик: Кыргызстандын жаштары ШКУ дипломатиясын моделдештиришти

 

Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын базасында “Евразия Кыргызстан” коомдук фонду тарабынан 30-31-май күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун модели (ШКУ Модели) форматындагы дипломатиялык оюн өткөрүлдү.

Иш-чара өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 70тен ашуун студентин бириктирди.

Моделдин алкагында катышуучулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин делегаттарынын ролун аткарып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз өлкөлөрүнүн позицияларын сунушташты. Эки күн аралыгында жыйындар, тематикалык талкуулар жана сүйлөшүү процесстери өткөрүлүп, студенттер дипломатиялык байланыш түзүү, эл алдында сүйлөө, аналитикалык ой жүгүртүү жана өз ара макулдашылган чечимдерди табуу боюнча жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

ШКУ Моделин өткөрүү жаштар дипломатиясын өнүктүрүүгө, ошондой эле студенттердин эл аралык мамилелерге, эл аралык укукка жана эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга олуттуу салым кошту. Катышуучулар дүйнөдөгү эң ири аймактык уюмдардын биринин алкагындагы көп тараптуу дипломатиянын механизмдерин жана чечим кабыл алуу процесстерин практикалык жактан өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Моделдин жыйынтыгында делегаттар талкууланган маселелер боюнча чечим долбоорлорун сунушташты. Эң активдүү катышуучулар дипломдор жана атайын номинациялар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, дипломатиялык оюн эки этапта өткөрүлгөн. Биринчи тур ушул жылдын 24-25-апрелинде эл аралык укук боюнча абройлуу эл аралык сынактардын концепциясына негизделген форматта уюштурулган. Ал эми финалдык этап ШКУ Модели форматында өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: