Ырыскелди Осмонкулов 46 жаш курагын бильярддык таймаш менен белгиледи (Фоторепортаж)



Ырчынын жубайы Гүлзана уюштуруу иштери менен чуркап жүрдү. Айымдардын арасында кий колуна кармаганы болгон жок.

Байгелүү орундар үчүн каралган кубоктор.

Ырчы туулган күндөрүндө шар тоголотуп, бильярд ойноону адатка айланткан. Ырыскелди Осмонкуловдун жеке кубогу үчүн мелдеш ушуну менен 8-ирет өтүп жатат. Кубокто ырчынын аты жазылган.

Куттуктоо сөзүн айтуу үчүн келгендердин арасында Ильяз Андашты да кезиктирүү мүмкүн эле.

"Жылдын супер клиби" наамынын ээси (2013) Ильяз Андаш жана клиптин жаратуучусу Замира...

Куттуктоо сөздөрү бильярд столунун тегерегинде эмес, тамак ичүүчү столдо айтылып жатты.

Бильярд спортун сүйүүчүлөрдүн ичинен опера ырчысы Марат Ибраев өзгөчө камдуу келиптир.

Күндүн каарманын ээрчип келген уулу Айбарга бильярд столунун үстү көрүнгөн жок. Аны элди аралай чуркоо оюну кызыктырат.

Жүргөн жеринде күлкү, шаң ээрчите жүргөн Гүлнара Тойгомбаева да туулган күндүк кеченин күбөсү болуу үчүн келди.

Мирбек Атабеков бильярд спортун сүйүүчүлөрдүн катарына кирет. Ал өз кийин көтөрө келип, бул спорт түрүнө жакындан аралашып жүргөнүн көрсөттү.
Бүгүн, 28-январь КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун туулган күнү. Ал 46 жаш курагын дос-тууган, сахналаштарынын катарында бильярддык таймаш менен белгилөөдө.
Ырчынын туулган күнүн куттуктап келгендердин саны элүүгө жакындады. Алардын арасында кыргыз эстрадасынын жана операсынын көрүнүктүү өкүлдөрү да бар.кошулду
Ырыскелди Осмонкуловдун жубайы Гүлзана Эркинбаева: "Бири-бирибизди түшүнүп абдан жакшы жашайбыз"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Suiso suiom dese anyn emnesi jaman?! Mentalitetke Gkpait dep.Adam suiup baktyluu bolup tirganda oiun i4ke katpai a4yk aitkanyn da koro albajsynar
Башка бирөөнү мазактап, кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга жол берилбейт! БАНга!