super.kg logo

Мыйзамсыз тамекилер бюджетке гана эмес, ден соолукка да залакасын тийгизет

 

Көптөн бери контрабандалык тамекилер бир гана салык органдарынын көйгөйү болуп келген. Мыйзамсыз тамеки мурда көбүнчө бюджеттик жоготуулардын булагы катары кабыл алынса, акыркы изилдөөлөр бул көмүскө рынок керектөөчүлөрдүн ден соолугуна да түздөн-түз коркунуч жаратаарын тастыктады.

Жакында эле Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 200 миң сомдон ашык алкоголдук жана тамеки буюмдарын алгандыгын билдирген. Бишкектеги мекемелерде жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аталган мекеменин кызматкерлери акциздик маркалары жок чет өлкөдө жасалган 100 куту тамекини табышкан.

Бул контрабандага каршы күрөштүн адаттагы эпизоду. Бирок, мындай учурлар көйгөйдүн масштабын гана тастыктайт. Жыл сайын текшерүү жүргүзүүчү органдар тарабынан миңдеген мыйзамсыз продукциялар аныкталат жана андан да көбү керектөөчүлөрдүн колуна тиет.

Ошол эле учурда, маселе төлөнбөгөн салыктар менен гана чектелбейт.

Бүткүл россиялык тамеки, махорка жана тамеки буюмдары боюнча изилдөө институтунун базасында жүргүзүлгөн көз карандысыз лабораториялык изилдөө - мыйзамсыз тамеки продукцияларында коопсуздук талаптарынын олуттуу бузууларын аныктады. Алар анализ үчүн коңшу Казакстандагы мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган тамекинин үлгүлөрүн сынап чыгышкан.

Анын натыйжасында эксперттер Oris жана Zumerret тамеки үлгүлөрүнөн техникалык эрежелердин ондон ашык бузууларын аныкташкан. Алардын арасында жасалмалуулуктун белгилери гана эмес, ошондой эле продукциянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү кемчиликтер болгон.

“Мыйзамсыз тамекилер керектөөчүлөрдү арзан баасы менен өзүнө тартат, бирок дал ушул нерсе тынчсызданууну жаратышы керек. Анткени өз наркын максималдуу азайтуу менен продукцияны өндүрүүчүлөр көп учурда сапатты жана коопсуздукту эске алышпайт. Мыйзамдуу продукциялардан айырмаланып, мыйзамсыз тамеки продукциялары тийиштүү көзөмөлгө алынбайт. Ошондуктан керектөөчүлөр алардын курамына же ден соолукка тийгизүүчү тобокелдик деңгээлине ишене алышпайт”, - деп билдирди, мурдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, 6-чакырылыштагы экс-депутат Евгения Строкова.

Адистердин көңүлү айрыкча тамекинин химиялык курамына бурулду. Oris тамекилеринин 1,5% курамы хлордон турат, ал эми мыйзамдуу продукцияларда ал 0,7% тегерегинде гана болот. Башкача айтканда, бул тийиштүү нормадан эки эсеге көптүк кылат.

“Бул сандардын айырмасы гана эмес, тамеки чеккендер күн сайын күйүүчү химия менен дем алгандыгы. Хлор камтыган кошулмалардын күйүшү суутек хлориди жана диоксиндерди камтыган уулуу заттарды пайда кылышы мүмкүн”, - дейт “Денсаулык” Юридикалык жактардын бирикмесинин адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлорду азайтуу боюнча улуттук ассоциациянын төрагасынын орун басары, дарыгер Гинтаутас Кентра.

Zumerret тамекилеринде да көйгөйлөр аныкталган. Изилдөөнүн жүрүшүндө чыпкалардын олуттуу кемчиликтери, тактап айтканда, айрым тешикчелер жабылып, желдетүү деңгээли 4% дан 34% га чейин өзгөрүп турганы көрсөтүлгөн.

Бир караганда, бул анча маанилүү эмес мүчүлүштүк. Бирок, серепчилердин айтымында, түтүндүн мүнөздөмөлөрүнө жана дем алуу системасына тийгизген күчүнө дал ушул чыпканын түзүлүшү таасир этет. Мыйзамдуу өндүрүштө мындай кемчиликтер сапатты көзөмөлдөө учурунда гана аныкталат. Ал эми мыйзамсыз өндүрүүчүлөрдө мындай көзөмөл такыр эле жок болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы активдүү соода жүгүртүүнү эске алганда, ушул сыяктуу продукциялар Кыргызстандын рыногуна кириши мүмкүн эмес деп айтууга болбойт.

Расмий статистикага көз жүгүрткөндө, абал өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда дем алуу органдарынын оорулары менен дээрлик 700 миң учур катталган. Бул башка оорулардын бардык түрлөрүнө салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Ар бир төртүнчү бейтап дал ушул диагноздор менен медициналык жардамга кайрылган. Ал эми 2020-жылга салыштырмалуу катталган учурлардын саны 1,5 эсеге көбөйгөн.

Ушундай жагдайдан улам, тамеки продукцияларынын сапаты мындан ары бир гана аткезчилик көйгөйү болбой калды. Келип чыгышы жана курамы белгисиз тамекилер рынокко киргенде, жүз миңдеген адамдардын ден соолугуна коркунуч туулат.

“Кандай болгон учурда да, тамеки чегүү организмге зыяндуу, бирок мыйзамсыз продукциялар кошумча коркунучтарды жаратат. Ошондуктан, аткезчилик тамекилердин жайылышы экономикалык көйгөй гана эмес, коомдук саламаттыкка олуттуу коркунуч болуп саналат”, - деп белгиледи Строкова.

Ар кандай баалоолор боюнча, Кыргызстандагы мыйзамсыз тамекинин рыногу болжол менен 17-18% түзөт. Дал ушул рынок эки эсе зыян келтирет. Мамлекет саламаттыкты сактоо, билим берүү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө колдонулушу мүмкүн болгон салык кирешелеринен жоготот. Ал эми керектөөчүлөр сапаты жана коопсуздугуна эч ким кепилдик бербеген продукцияларды алышат.

“Тамеки чегүүгө каршы комплекстүү күрөшүү талап кылынат. Бир гана тамекинин баасын жогорулатуу маселени чечпейт. Жаштар жана балдар арасында алдын алуу, дени сак жашоо образын жайылтуу жана өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууну калыптандыруу маанилүү” - деп жыйынтыктады, экс-депутат.

Ошондуктан, мыйзамсыз тамекини жүгүртүүгө каршы күрөш - коомдук саламаттыктын маселеси болуп саналат, анын кесепеттери башында көрүнгөндөн алда канча олуттуу болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: