super.kg logo
  Спорт  

Бүйүр кызыткан оюндар... Бүгүн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат

 
Бүгүн, 11-июнда эң ири спорттук мелдеш - футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. Бул чемпиондук тарыхтагы эң масштабдуу мундиаль болуп, алгачкы жолу үч өлкө АКШ, Мексика жана Канада биргелешип өткөрүшөт.

Быйылкы турнирде мурдагы 32 команданын ордуна 48 улуттук курама катышат. Жалпысынан 104 беттеш өтүп, мелдеш 11-июндан 19-июлга чейин уланат.

Ачылышта кожоюндук кылган Мексика өлкөсү Түштүк Африканын футболчуларын кабыл алат. Оюн Мехико шаарындагы дүйнөгө атагы чыккан "Ацтека" стадионунда өтөт.

Бул чемпиондукта дүйнөнүн мыкты футбол жылдыздары күч сынашат. Учурдагы чемпион Аргентина өз наамын коргоого аракет кылса, Бразилия, Франция, Германия жана Англия сыяктуу фавориттер да баш байгеге талапкер болуп саналат.
2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу жаңы тарыхый барактарды ачты. Өзбекстан, Иордания, Кюрасао жана Кабо-Верде сыяктуу өлкөлөр өз тарыхында алгачкы жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, күйөрмандарына чоң кубаныч тартуулашууда.
Футбол күйөрмандары үчүн алдыдагы бир ай дүйнөлүк деңгээлдеги кызыктуу оюндарга, эмоцияларга жана жаңы тарыхый учурларга бай болору күтүлүүдө.
Сиз кайсы өлкөнүн курамасына жан тартасыз?





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: