Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгарылышы мүмкүнбү?
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгарылышы мүмкүн экенин билдирди.
Чет элдик басылмалар белгилегендей, ал эгер уюмга мүчө мамлекеттер Арменияны чыгаруу чечимин кабыл алса, Ереван аны кабыл алууга аргасыз болорун билдирди.
Буга чейин Армения 2025-жыл үчүн мүчөлүк төлөмдү төлөбөгөнүн билдирген. Өлкө бул чечимин ЖККУнун ишмердүүлүгүнө катышпай жатканы менен түшүндүргөн.
Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Армениянын карызы боюнча маселени ЖККУга мүчө өлкөлөр карап чыгарын айткан. Армения уюмдагы мүчөлүгүн 2024-жылдын февралында расмий түрдө тоңдурган.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















