super.kg logo

Футбол майрамы башталат: 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондуктун беттештерин MegaTV каналынан көрүңүз

 

Тарыхта биринчи жолу FIFAнын Дүйнөлүк чемпиондук үч өлкөдө − АКШда, Канадада жана Мексикада 48 улуттук курама команданын катышуусунда өтөт. Бул спорттук мелдештер тарыхындагы эң ири Дүйнөлүк чемпиондук боло тургандыгы бышык.

Ачылыш аземи 11-июнда саат 23:00дө башталат, ал эми Мексика менен Түштүк Африка оюнчуларынын ортосунда болуучу алгачкы беттеш 12-июнда (Бишкек убактысы боюнча) саат 1:00дө Мехико шаарындагы легендарлуу Эстадио Ацтека стадионунда болмокчу. Оюн башталганга чейин күйөрмандар белгилүү дүйнөлүк ырчылардын катышуусундагы жандуу ачылыш аземине күбө болушат.

Каалаган убакта, каалаган жерде спорттук иш-чаралардын чордонунда болууну каалаган бардык футбол күйөрмандары үчүн эң сонун жаңылык! Эми кызыктуу беттештерди MegaTV колдонмосунан түз эфирде көрүүгө болот. Бул өзгөчө MIX, «МегаЧектөөсүз», «МегаСуперХит», Exclusive жана «Элдики + MegaTV» пландарынын абоненттери үчүн ыңгайлуу − мобилдик телеберүү акысыз, ал эми телеканалдарды көрүүдө үчүн интернет -трафик тарифтелбейт. Демек, колдонуучулар телеберүүлөрдү кошумча чыгымсыз көрө алат.

MegaTVде бир нече түзмөктөрдө: смартфон, планшет, Smart TV же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерде көрүүгө мүмкүн болгон түз алып берүү жеткиликтүү. Бир жазылуу бир номерге кошулат жана контентти бир эле учурда беш түзмөктө көрүүгө шарт түзөт, тактап айтканда, кызматты бүт үй-бүлө үчүн ыңгайлуу кылат.

MegaTV’ни App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга болот. Колдонмонун жардамы менен бүйүр кызыткан оюндарды өткөрүп жибербейсиз, сүйүктүү командаларыңызга каалаган жерде − үйдө, кеңседе, кафеде, ал гана эмес, жаратылыш койнунда эс алып жүргөндө да күйөрмандык кылсаңыз болот.

MegaTV − ар дайым жаныңызда болгон мобилдик телекөрсөтүү!

«MegaTV» кызматынын алкагындагы телеканалдар жана контент «Стрим плюс» ЖЧКнын колдоосунда көрсөтүлөт (КР МБА лицензиясы: № 21-0482-KР).

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: