Трамп: “АКШ Иранга сокку урууну пландоодо”
АКШнын президенти Дональд Трамп жумага караган түнү Иранга карата масштабдуу аскердик сокку жасаларын билдирди.
Ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына: “Америка Кошмо Штаттары абдан күчтүү соккуларды жасайт” деп жазды.
Трамптын билдирүүсү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп жаткан учурда жасалды. Азырынча Вашингтон тарабынан соккунун так убактысы, бутага алынуучу объектилер жана операциянын масштабы тууралуу кеңири маалымат бериле элек.
Эксперттер мындай кадам Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук абалына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:52
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















