super.kg logo

Ташиев кызматтан алынгандан кийин кармалгандар камакта калтырылды

 

УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Чыңгыз Төкөлдөшов, Спорт колледжинин мурдагы директору Айбек Ташматов, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Тилек Абдыкалыков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев жана Ж.С. аттуу жаран 15-августка чейин камакта калтырылышты.

Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады. Алар жемкорлукка айыпталышууда.

Эске салсак, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчы Элдар Жакыпбеков кармалганда анын ишенимдүү адамдары делгендер дагы камакка алынышкан. Социалдык тармактарда "Эдунун кырк чоросу" деген маалымат тараган.

Ташматовдун "Күчүк", Дүйшөмбиевдин "Пито" деген каймана аттары бар экени айтылып келет. Алар февралда камалышкан. Жакыпбековдун дагы камактагы мөөнөтү узартылды. Аты аталгандардын бардыгы тең Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан кийин кармалышкан.

УКМК Элдар Жакыпбеков жана анын адамдары тууралуу маалымат берген. Анда 5 адам кармалганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: