super.kg logo

Аксы районунда кар көчкүнүн алдында калган 5 адамды издөө иштери уланууда

 

Аксы районунда жоголгон 5 адамды издөө иштери уланып жатат. Алар 2014-жылдын 27-январь күнү Жайык айылынан ат менен мал издегени чыгышкан. Бирок үйлөрүнө кайтып келишкен эмес. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жоголгон адамдардын туугандарынын айтымында, алар айылдан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосуна барышкан. Ошол жерден издери токтоп, кар көчкү түшкөн. Андан башка издер табылган эмес. Көчкүнүн жанында атка арткан куржун табылган. Мындан улам жоголгон адамдардын туугандары кар көчкү басып калгандыгын болжошууда.

Жоголгондор:

1.  Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;

2.  Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;

3.  Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;

4.  Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;

5.  Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.01.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: