super.kg logo

Бишкекте чет өлкөлүктөр уюштурган интимдик кызмат көрсөтүү схемасы аныкталды

 

Бишкекте чет өлкөлүк жарандар уюштурган интимдик кызмат көрсөтүү схемасынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына борбор калаада чет өлкөлүктөр интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштуруп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр башка өлкөлөрдөн аялдарды Кыргызстанга алып келип, аларды бул кызматка тартканы аныкталган.

Алдын ала маалымат боюнча, уюштуруучулар кардарларды таап, аялдарды батирлерге жайгаштырып, жолугушууларды уюштуруп жана түшкөн акчаны бөлүштүрүп турушкан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө үч чет өлкөлүк жаран кармалган. Алардын бири — 1995-жылы туулган ZH.W. аттуу жаран камакка алынып, эки айга №1 тергөө абагына киргизилди.

Текшерүү учурунда 400 доллар акча каражаты табылып, кылмыш ишине далил катары тиркелген. Ошондой эле шектүүлөр жашаган жерлерден тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар да алынган.

Учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда. Милиция жарандарды адам сатууга, эксплуатацияга же ушуга окшош мыйзамсыз иштерге байланыштуу маалымат болсо, 102 кызматына кабар берүүгө чакырды.






Бишкекте чет өлкөлүктөр уюштурган интимдик кызмат көрсөтүү схемасы аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: