Оштогу парктардын биринде жигит кызга ыдык көрсөткөнү айтылууда (видео)
Ош шаарындагы Навои атындагы паркта кыздар өздөрүнө карата ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, окуянын видеосун социалдык тармактарга жарыялашты.
Видеодон жигит кыздардын жанынан өтүп бара жатып, алардын биринин жамбашынан кармап качып кеткени белгилүү болду. Кыздар аны кууп жетип, ортодолорунда пикир келишпестик орун алган.
Жигит өз аракетин тамаша катары сыпаттаганын көрүүгө болот. Бирок кыздар анын мындай жүрүм-турумун орунсуз деп баалашкан.
Окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, колдонуучулар коомдук жайлардагы адеп-ахлак жана жеке чек араларды сыйлоо маселесин көтөрүшүүдө.
Оштогу парктардын биринде жигит кыздарга ыдык көрсөткөнү айтылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:08
2026-06-16
12:21
2026-06-16
10:18
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















