Түндүк тиркемесинде "Шайлоочунун кабинети" пайда болду
Түндүк мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу 15-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Эми шайлоочулар бул кызмат аркылуу онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жаңы мобилдик кызмат Түндүк тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүктө» «Шайлоочунун кабинети» пайда болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2026-06-16
13:08
2026-06-16
12:21
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















