Өзбекстандан ташылган дарбыз өлкөгө киргизилген жок
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кең-Сай өткөрүү пунктунан Өзбекстандан ташылып келген 47 тонна 780 килограмм дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдайт.
Тактап айтканда, фитосанитардык көзөмөл учурунда жүктүн эки партиясында мыйзам бузуулар аныкталды.
"Бир жүктө фитосанитардык сертификат жок болсо, экинчи партиясында талапка ылайык маркировкасы болгон эмес. Ушуга байланыштуу жүк өлкөгө киргизилген жок", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2026-06-16
13:08
2026-06-16
12:21
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















