super.kg logo

Акыйкатчы Анкарада кармалган Кыргыз жараны боюнча түрк тарапка кат жолдоду

 
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы акыйкатчысы Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду.
Белгилей кетсек, 34 жаштагы Сабыржанов 26-майда Анкарадагы “Эсенбога” аэропортунан кармалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип бара жаткан.
Анын жакындары акыйкатчы менен жолугушуп, укугун коргоп берүүнү суранышкан.
Жаманбаева Түрк акыйкатчысы Акаржадан кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
“Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин кармоонун негиздери жана жагдайлары боюнча маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Адвокат аркылуу жолугушуу уюштуруудан дагы жыйынтык чыккан эмес”, - деп кайрылды акыйкатчы.
Ошондой эле Жаманбаева ТИМге жарандын жакындарына консулдук-укуктук жардам керектигин белгилеген кат жолдоду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: