super.kg logo
  Саясат  

Президент менен премьер-министр бюджеттин аткарылышы жана энергетикалык сектордогу абал тууралуу маселелерди талкуулашты

 

Кечээ, 17-декабрь күнү президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы менен премьер-министр аяктап бара жаткан жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маселелерди  талкуулашты. Ошондой эле кыш мезгилинде калкты электр энергиясы  жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Алмазбек Атамбаев курч маселелерди оперативдүү жана өз мезгилинде чечүү керек экендигин, кышкы суукта калк кыйынчылыктарга дуушар болбошу үчүн энергосистемде ички мүмкүнчүлүктөрдү табуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошону менен бирге калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда  энергокомпаниялардын жана жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Өз кезегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коңшу  республикалар менен газды мурдагы көлөмдө алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: