super.kg logo

"Асман" курулушундагы котормочу кыз чет элдик жаран тарабынан сабалганын билдирди (видео)

 

Ысык-Көл облусундагы "Асман" шаары курулуп жаткан объектте котормочу болуп иштеген 27 жаштагы кыз өзүнө карата физикалык кол салуу болгонун айтып чыкты.

Анын айтымында, окуя 15-июнда курулуш аймагында болгон. Кытайлык кызматкерлердин бири кызда көңүлү бар экенин билдирип, бирок анын сунуштары четке кагылгандан кийин агрессивдүү мамиле жасап баштаган.

Анда чет элдик жаран котормочунун бетине түкүрүп, андан соң күч колдонуп сабаган. Кыз башына жана денесине жаракат алганын, жерге жыгылгандан кийин да тепкиленгенин билдирген.

Окуядан кийин милиция чакырылып, соттук-медициналык экспертиза жаракаттарды каттаган. Бирок шектүү кармалып, кийин кайра бошотулган. Жабырлануучу кол салган жаран азыр да өзү жашап жана иштеп жаткан аймакта жүргөнүн айтып, коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирди.

Ал укук коргоо органдарынан коргоо чараларын көрүүнү өтүнүп, окуя боюнча видео далилдер бар экенин жана ишке туура юридикалык баа алышы керектигин белгиледи.

Азырынча Ысык-Көл облустук милициясынан бул окуя боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.






"Асман" курулушундагы котормочу кыз чет элдик жаран тарабынан сабалганын билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: