super.kg logo

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча иште мамлекеттик лабораториянын жетекчиси кармалды

 

УКМК Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна жеткирилген көмүрдүн сапатын текшерүүгө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын М.К. аттуу директорун кармады.

Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, шектүү көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык корутундуларды жасалма түрдө өзгөртүп, көрсөткүчтөрдү жогорулатуу схемасын уюштурган деп айыпталууда. Ошондой эле анын ЖЭБге көмүр жеткирген айрым жеке компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, алардын ишмердүүлүгүн колдогону аныкталганы маалыматта кошумчаланды.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: