Токтогулда опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды (видео)
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу 17-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, милицияга белгисиз жарандар коркутуп 500 миң сом акча талап кылынгандыгы тууралуу арыз түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 7 жаранга сурак жүргүзүлгөн. Алардын ичинен бир нече жолу соттолгон 1996-жылы туулган К.Э. жана 2002-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Токтогулда опузалап акча талап кылууга шектелгендер кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















