Иранга каршы санкцияларды алып салууну 35 мамлекет колдоду
АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген меморандумдан кийин Иранга каршы санкцияларды алып салуу демилгесин 35 мамлекет колдоду. Бул тууралуу мамлекеттердин тизмеси Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий резиденциясы болгон Даунинг-стрит тарабынан жарыяланды.
Франция, Германия, Италия жана Улуу Британия биргелешкен билдирүү жасап, Тегеран өзөктүк программасы боюнча так жана ишенимдүү кадамдарды жасаган учурда санкцияларды алып салууга даяр экенин билдиришти.
Ошондой эле аталган өлкөлөр АКШ, Иран жана Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташып, Ирандын өзөктүк куралга ээ болбошун камсыздоого кызыкдар экенин белгилешти.
Билдирүүдө АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум кубатталып, анын аймактагы туруктуулукту чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















