УКМК Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри баш болгон кызматкерлерди кармады (видео)
УКМК Кара-Көл шаарындагы көп батирлүү турак үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдары жүргүзүлгөн иштерде тендер өткөрүү тартиби, курулуш нормалары жана техникалык көзөмөл боюнча мыйзам талаптары бузулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 9 миллион 985 миң 400 сом зыян келтирилгени такталды.
Анын негизинди Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында кармалгандар:
- О.Н. – Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри;
- К.М. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы;
- М.А. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси;
- И.М. – курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
УКМК Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри баш болгон кызаткерлерди кармады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















