super.kg logo

УКМК Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри баш болгон кызматкерлерди кармады (видео)

 

УКМК Кара-Көл шаарындагы көп батирлүү турак үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдары жүргүзүлгөн иштерде тендер өткөрүү тартиби, курулуш нормалары жана техникалык көзөмөл боюнча мыйзам талаптары бузулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 9 миллион 985 миң 400 сом зыян келтирилгени такталды.

Анын негизинди Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында кармалгандар:

  • О.Н. – Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри;
  • К.М. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы;
  • М.А. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси;
  • И.М. – курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.






УКМК Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри баш болгон кызаткерлерди кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: