Кара-Кулжада келин жолдошу тарабынан сабалганын айтты
Оштун Кара-Кулжа районунда 23 жаштагы келин 32 жаштагы жолдошу тарабынан сабалганын айтып милицияга кайрылды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Текшерүүдө үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам жолдошу жубайына дене жаракатын келтиргендиги аныкталган. Мындан улам жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери берилген.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил жаракат алган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кийинчерээк жабырлануучу экспертизанын корутундусуна каршы экенин билдирип, соттук-комиссиялык экспертиза дайындоону өтүнгөн. Учурда анын өтүнүчү каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















