"Ош базарындагы" күркөлөрдүн биринен 9000 сомдук шуба уурдап кеткен 18 жаштагы айым кармалды
"Ош базарындагы" күркөлөрдүн биринен 9000 сомдук шуба уурдап кеткен 18 жаштагы Т.Рыскүл кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Ленин райондук укук коргоо органдарына 56 жаштагы аял күркөсүнөн 20-30дар чамасындагы белгисиз айым шуба уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң жогоруда аты аталган айым кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.